Reuters агенттиги жаңжал эки өлкө чектешкен Жамму жана Кашмир аймагында чыкканын кабарлады. Индия армиясынын өкүлдөрү пакистандык аскерлер чек арадагы бир нече посттон ок чыгарганын, ага жооп кайтарууга мажбур болушканын билдирди. Азырынча Пакистан армиясы расмий жооп бере элек. Каза болгондор жана жараат алгандар жөнүндө маалымат жок.
Эки өлкөнүн алакасы 22-апрелде Индиянын Кашмир аймагында болгон окуядан кийин курчуду. Шейшембиде куралчан адамдар топтолгон элге ок чыгарып, 26 турист набыт болуп, 17 киши жаракат алган. Индиянын өкмөтү бул окуяны теракт деп атаган. Расмий Дели Исламабадды теракт үчүн түздөн-түз айыптабаса да элге ок чыгаргандар "Пакистан менен байланышта" деп билдирди. Кол салган үч кишинин экөө Пакистандын жараны экени кабарланган.
Мындан соң Индия Пакистан менен болгон жалгыз чек ара бекетин жаап, Инд дарыясын пайдалануу боюнча келишимди токтотконун жарыялады. Бул келишим 1960-жылы ишке кирген.
Буга жооп катары Исламабад Дели менен сооданы токтотуп, Индиянын бардык авиакомпаниялары үчүн аба мейкиндигин жапты. Исламабад ошондой эле Индиянын жарандарына Пакистандан чыгып кетүүнү талап кылып, качкындарга жардам программасы менен берилген визалар токтотулганын жарыялады.
Шерине