Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун мугалими Азамат Нурмат уулунун Стамбулда кармалышына байланыштуу Түркиянын омбудсмени Мехмет Акарчага кат жолдоду.
Анда акыйкатчы кыргызстандык мугалимдин кармалышына тынчсыздануусун билдирген жана адам укуктарын коргоодо эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнү эске салган билдирүү жазылат.
“Түркия жана Кыргызстандын Омбудсмен институтарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумунун негизинде Азамат Нурмат уулунун укуктарын камсыз кылууга ар тараптуу көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен сизге кайрылууну туура көрдүм”, - деп айтылат маалыматта.
Азамат Нурмат уулунун жакындары “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, ал 20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда, аны Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мугалимдин кармалышына байланыштуу 24-апрелде Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулуна вербалдык нота тапшырган. ТИМ Азамат Нурмат уулуна укуктук жардам көрсөтүү иштери уланып жаткан билдирген.
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Zeen Education компаниясы менен 20-апрелде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталия шаарына барышканын кабарлаган.
2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон.
“Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген.
Билим берүү жана илим министрлиги “Сапаттын” тарбиячылары, мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантарын кабарлаган.
Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.
Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.
2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон. (MiK)
Шерине