Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

Reuters Трамптын Украинадагы согушту токтотуу боюнча сунушунун текстин жарыялады


Париждеги жолугушуу. АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Германиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Йенс Плотнер менен жолугушуунун алдында сүйлөшүп отурат. 17-апрель
Париждеги жолугушуу. АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Германиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Йенс Плотнер менен жолугушуунун алдында сүйлөшүп отурат. 17-апрель

25-апрелде Reuters агенттиги Вашингтондун сунушунун текстин жарыялады. Басылманын маалыматына караганда, Парижде өткөн 17-апрелдеги жолугушууда Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Европа өлкөлөрүнүн делегаттарын документ менен тааныштырган. Reuters документтеги текст эч өзгөртүүсүз жарыялаганын жазды. Расмий тараптар басылма жарыялаган макала тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары булактарына таянып, документтеги айрым сунуштар тууралуу жазышкан.

Документте Украина “Европа мамлекеттери жана башка өлкөлөрдөн” коопсуздук кепилдигин алары, НАТОго кирүүдөн баш тартышы керектиги, бирок Евробиримдикке кирүүгө аракет көрсө болору камтылган.

Ошондой эле Кошмо Штаттар аннексияланган Крымда Орусиянын көзөмөлүн тааный турганы, Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын тааныбай турганы жазылган. Орус аскерлери Харьковдон аскерлерин чыгарып кетиши керектиги айтылат.

Запорожье АЭСи Украинанын көзөмөлүндө болушу керектиги, бирок аны АКШ көзөмөлдөй турганы жазылган.

Документте ошондой эле Орусияга каршы санкциялар алынып, Украинага толук калыбына келтирүү иштерине каражат жана акчалай кенемте алуусуна шарт түзүлүшү керектиги көрсөтүлгөн.

22-апрелде украин президенти Владимир Зеленский Киев Орусиянын Крымга ээлигин тааныбай турганын билдирген. Анын айтымында, Орусия аннексиялап алган Крымдын жана башка аймактардын макамын талкуулоо согуштун узарышына алып келет.

АКШ президенти Дональд Трамп Зеленскийдин билдирүүсүнө жооп кайтарып, аны согушту аяктоо үчүн Орусия менен сүйлөшүүгө "тоскоолдук кылып жатат" деп айыптаган.

Кийин Трамп Орусиянын Киевге чабуулу үчүн Путинди сындап чыккан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG