Акыйкатчы институту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан адамдардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүп, жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен да жолугушту.
Мекеменин маалыматына ылайык, Тилекмат Кудайберген уулу менен бирге камерада дагы эки эркек киши жатат. Камактагылар кармоо шарттарына жана кызматкерлерге нааразычылыгы жок экенин билдиришкен. Активистке Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып тагылган.
УКМК 19-апрелде Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Атайын кызмат ал конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган.
Активист 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын жакындары социалдык баракчаларга жазышкан.
Мындан көп өтпөй 14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Тилекмат Кудайберген уулу менен байланышып, Кыргызстанда массалык баш аламандык уюштурууга шек саналган эки адам кармалганын билдирген.
Ушул эле күнү укук коргоочу Рита Карасартова Тилекмат Кудайберген уулуна таандык экени айтылган катты Фейсбуктагы баракчасына жарыялагандан кийин кармалып, камалган.
Тилекмат Кудайберген уулу 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келаткан. Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан. 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке каккан. Ушул окуядан бери Дубайда жашап жаткан.
Тилекмат Кудайберген уулун Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал коюлган айыптарды четке каккан. (BTo)
Шерине