Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Украина Орусия тарапта согушкан 900дөн ашуун тажикстандыктын тизмесин жарыялады


Коллаж.
Коллаж.

23-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта согушуп жүргөн 900дөн ашуун тажикстандыктын аты-жөнүн жарыялады.

Долбоордун маалыматы боюнча, 2022-жылдан бери Тажикстандын 931 жараны Орусия тарапта согушка катышып, алардын кеминде 196сы каза болгон.

Тизмедегилердин эң кенжеси 18 жашта, улуусу 70те.

"Озоди" радиосу алардын арасында Орусияда көп жылдан бери иштеп жүргөндөр, "Вагнер" менен келишим түзүп кеткендер бар экенин аныктады.

"Алардын көбү Орусияда мыйзамсыз жүрүп, согушка тартылып жатат. "Крокус Ситидеги" теракттан кийин алардын абалы кескин кыйындады", — деп жазды аталган долбоордун өкүлдөрү.

Маалыматка караганда, Борбор Азиянын жарандарын орус армиясына тартуу негизинен үч жол менен ишке ашат: алдамчылык, ири суммадагы акча убада кылуу же басым көрсөтүү.

Буга чейин украин өкмөтүнө караган “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта согушуп жүргөн кыргызстандык жана казакстандыктардын да тизмесин жарыялаган. Кыргызстандык 300дөн ашуун жарандын аты-жөнүн тактаган.

Борбор Азия мамлекеттердин өкмөттөрү өз жарандарын чет өлкөдөгү куралдуу кагылыштарга катышуудан баш тартууга жана ага мыйзамдык жаза каралганын эскертип келишет. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG