Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Самаркандда Лавровдун орус тилиндеги жазуу тууралуу айтканы талкуу жаратты


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 23-апрель, 2025-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 23-апрель, 2025-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Самаркандда айткан сөзү талкуу жаратты. 22-23-апрелде Өзбекстанга расмий сапар менен барган Лавров Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналган эстеликте “эмне үчүн орус тилинде жазуу жок” деп айткан.

"Англиялыктар силерге кайдан келип калган? Мен англисче жазууну айтып жатам", - деген ал.

Самарканд шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына арналган эстеликте "Сен дайыма менин жүрөгүмдөсүң" деген жазуу өзбек жана англис тилинде жазылган.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги комментарий бере элек. Коңшу өлкөдө Лавровдун сөзү кызуу талкууланып жатат.

Тил маселеси Өзбекстанда маал-маалы менен козголуп келет. Бул өлкөнүн Конституциясында мамлекеттик тил деп өзбек тили бекитилген, орус тилине эч кандай макам берилген эмес. Бирок Өзбекстандын Баш мыйзамы орус тилинин өнүгүшүн жана эркин колдонулуусун кепилдейт.

Былтыр өзбек тилин коргогон ректор Кремлдин каарына калган. Шерзодхон Кудратхожа журналистке берген маегинде мамлекеттик тилди билбеген өзбекстандыктар жөнүндө сөз кылып, өзү жашап турган өлкөнүн тилин “баскынчы же келесоо” гана билбей турганын айткан.

Өзбек парламентинин вице-спикери, "Миллий тикланиш" партиясынын лидери Алишер Кадыров орус тилин билим берүүдө, телеканалдарда жана башка тармактарда колдонууну кайра карап чыгууну сунуштаган.

Орус медиасында мындай билдирүүлөр кескин сынга алынган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 22-23-апрелде Өзбекстанга расмий сапар менен барды. Анын жүрүшүндө Москва менен Ташкенттин ортосундагы кызматташтыкка, чөлкөмдөгү коопсуздук жана эл аралык уюмдардын аянтчасында өз ара алака талкууланганы кабарланган.

Өткөн жумада Сергей Лавров Казакстанга КМШ мамлекеттеринин Министрлер кеңешинин 11-апрелдеги жыйынына катышуу үчүн барган. Ал КМШ лидерлерин Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 80 жылдыгынын урматына уюштурулган Жеңиш майрамына катышуу үчүн Москвага чакырган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG