АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийди согушту аяктоо үчүн Орусия менен сүйлөшүүгө "тоскоолдук кылып жатат" деп айыптады.
Кошмо Штаттардын президенти Зеленскийдин Крымда Орусиянын юридикциясын тааныбасы тууралуу билдирүүсүнө ушинтип жооп кайтарды.
“Украинанын президенти Владимир Зеленский The Wall Street Journal басылмасынын биринчи бетине “Украина Крымдын оккупациясын эч качан тааныбайт. Ал жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес” деп билдириптир. Мындай билдирүү Орусия менен сүйлөшүүлөргө тоскоол болот, антпесе Крымды мындан көп жыл мурун, президент Обаманын учурунда колдон алдырышкан жана азыр талкууланбайт. Зеленскийден Крымды Орусияныкы деп тааны деп эч ким суранган жок, эгер ал жарым аралды кайтаргысы келсе, эмнеге Украина он бир жыл мурун Орусия бир да ок атпастан Крымды ээлеп жатканда күрөшкөн жок. Буга кошумча Крымда эбак эле “Обаманын учурундагы өткөрүүдөн” мурун орусиялык аскер базалары жайгашкан болчу”,- деп жазды Трамп Truth Social платформасындагы баракчасына.
АКШ президенти тынчтык келишимине жакындап калганын, ал эми Зеленский “колунда көзүрү жок экенин” түшүнүшү керектигин кошумчалады.
Шаршембеде Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Ливитт журналисттерге Трамп Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жай жүрүп жатканына нааразы экенин билдирген. Ак үйдүн өкүлү Украинадан Крымды Орусияныкы деп таанышын эч ким талап кылбаганын белгилеген.
Буга чейин Украинаны президенти Владимир Зеленский Орусиянын Крымга ээлигин эч качан тааныбасын билдирген. Ал Орусия аннексиялап алган Крымдын жана башка аймактардын макамын талкуулоо согуштун узарышына алып келерин эскерткен.
Шерине