“Маариф” (мурдагы “Сапат”) эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулунун жакындары ал Түркияга кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, кыргыз бийлигине кайрылды.
Маалыматка ылайык, ал 20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда, аны Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калган. 32 жаштагы Азамат Нурмат уулу ошондон бери дайынсыз болуп жатат.
Анын жубайы Ирзван Пахридин кызы жана апасы Гүлсара Шамурзаева Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине, укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок андан жыйынтык чыкпай жатканын айтып, бийликтен жардам сурады.
Кусеин Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин мугалимдер жамааты да кесиптеши менен байланыша албай, анын дарегин билбей жатканын билдиришти. Сөз болуп жаткан лицейдин мугалими Айдана Дүйшөнбиева буларды айтты.
“Азамат агай биздин лицейден алты окуучуну жетектеп, олимпиадага алып бараткан. Ал окуучулардын арасынан үчөөнө класс жетекчи. Бизге дайыны белгисиз болгондон бери жамаатта иштей албай, абдан тынчсызданып жатабыз. Окуучулары да улам агайын сурап, капа болушууда. Биз кыргыз бийлигинен өз жаранынын дарегин билип, анын мекенине аман-эсен кайтып келүүсүнө көмөк көрсөтүүсүн суранабыз”, -деди ал.
Азамат Нурмат уулу азыркы “Маариф” мурдагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде соңку сегиз жылдан бери эмгектенип келаткан. Өзү да “Сапатка” караштуу Кызыл-Кыядагы Исхак Раззаков атындагы лицейин 2010-жылы аяктаган. Түркиянын Газиантеп универститетинин математика факультетин бүтүргөн.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалыматты тактап берерин кабарлады.
2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон.
“Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген.
Билим берүү жана илим министрлиги “Сапаттын” тарбиячылары, мугалимдери мурдагыдай эле иштей берерин, окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантарын кабарлаган.
Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.
Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.
2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон. (KS)
Шерине