22-апрелде Индиянын Кашмир аймагында куралчан адамдар топтолгон элге ок чыгарып, 26 адам каза болду. Полициянын маалыматына караганда 17 адам жаракат алды.
Жергиликтүү маалымат каражаттары каза болгон эки адам жергиликтүү тургун болгонун, дагы эки адам Непал жана Бириккен Араб Эмирлигинин жарандары экенин, калгандары Индиянын ар тарабынан келген туристтер экенин жазды.
Ок атышуу болгон Пахалгам туристтер көп барган жерлердин бири. Ал Индия менен Пакистандын талаштуу аймагында жайгашып, Индия тараптан көзөмөлдөнөт. Калктын басымдуу бөлүгү мусулман.
Indian Express басылмасы полицияга шилтеме берип, элге куралчан эки же үч адам ок чыгарганын жазды.
Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди кандуу окуяны террор деп баалап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Индиянын элдик партиясынын башчысы Равиндер Райна терракт үчүн пакистандык согушкерлерди айыптап, аларды жазага тартуу керектигин белгиледи.
Индия менен Пакистан 1947-жылы Британиянын колониясынан бошонгондон бери Кашмирди талашып келет. Өзөктүк куралы бар эки коңшу тең аймактын айрым бөлүктөрүн гана көзөмөлдөйт.
Кашмир боюнча алардын ортосунда эки жолу согуш чыккан. Нью-Дели Исламабадды "аймактагы согушкерлер тобун колдойт" деп айыптаса, Пакистан бул дооматты четке кагат. (AiA)
Шерине