Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик бардык тилкеси зым менен тосуларын 22-апрелде “Азаттыкка” билдирди. Ал демаркациялоо иштери 1-майга чейин баштала турганын тактады.
“Чек ара кызматында чек араны тосуу боюнча атайын бөлүм түзгөнбүз. Жакында, 1-майга чейин тосуу иштери башталат. Кыргыз-тажик чек арасына толугу менен зым тартылат. Бирок чек ара сызыгы ар кандай жерден өтөт. Тоолуу, аска-зоо жерлерге тикенек зымдар тартылбайт. Андай жерлерге адамдардын өтүнүшүнө тоскоол боло турган зымдары таштайбыз. Бирок айыл, түздүк жерлерди толугу менен тосконго тапшырма алдык жана быйыл бүтүрөбүз деген планыбыз бар”, - деди Алимбаев.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 18-апрелде Баткенде жергиликтүү тургундар менен жолугушканда кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иши башталарын билдирген.
27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.
13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери - Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бул документ алмашуу менен чек ара тактоодогу делимитация процесси толук бүткөн.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.
Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатактар чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (AiB/TAb)
Шерине