Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Рим папасы Францисктин тажыясы 26-апрелде өтөт


Приштинадагы чиркөөнүн алдында коюлган Рим папасы Францисктин сүрөтү.
Приштинадагы чиркөөнүн алдында коюлган Рим папасы Францисктин сүрөтү.

Рим папасы Францисктин тажыясы 26-апрелде өтөрү белгилүү болду. Жөрөлгө жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дө Ватикандагы Ыйык Пётр чиркөөсүндө башталат. Бул тууралуу Ватикандын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин понтификти акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча Ватиканда кардиналдардын жыйыны өткөнү кабарланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тажыяга АКШ президенти Дональд Трамп, Аргентина президенти Хавьер Милей жана Украинанын президенти Владимир Зеленский катышат.

Францисктин руханий керээзи боюнча, анын сөөгү Римдеги Санта-Мария-Мажоре базиликасына коюлат. Мурунку папалардын баары Ыйык Пётр базиликасына коюлган.

Бул ирет аталган базиликада папанын сөөгү менен коштошуу зыйнаты гана өтөт.

Рим папасы Франциск 21-апрелде 88 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Ватикан жаңы понтификти шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүүдө. Мыйзамдарга ылайык, ал 6-майдан эрте өткөрүлбөйт. Шайлоого 135 кардинал катышууга укуктуу, алардын 80% ашыгын Франциск өзү дайындаган. Бул анын мураскерлеринин бири шайланып калышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт.

Папа Франциск тарыхта Латын Америкасынан чыккан биринчи понтифик катары калды. Ал чиркөөнү жетектеп турган маалда Ватикандын ишин ачык-айкын кылуу аракети, социалдык адилеттүүлүккө басым жасоо сыяктуу аракеттер жасалды. Өзгөчө ал аярлуу топтордун укуктары боюнча маселелерге көңүл бурганы менен элдин эсинде.

Расмий билдирүүгө караганда, Францисктин өлүмүнө инсульт себеп болгон. Февралда ал эки өпкөсү кагынып беш жума ооруканада дарыланган. Кийинчерээк Ватиканга кайтып келип, Пасхадагы диний жөрөлгөгө да катышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG