АКШдагы Гарвард университети президент Дональд Трамптын администрациясын университеттин 2 миллиард доллардан ашык мамлекеттик каржылоо программасын токтотуп койгону үчүн дүйшөмбүдө федералдык сотко берди.
Өткөн аптада Гарвард университети Трамптын администрациясынын талаптарын четке каккан. Assosiated Press басылмасы жазгандай, 11-апрелде администрация университеттин башкаруу системасын реформалоону, кабыл алуу эрежелерин өзгөртүүнү талап кылган. Ошондой эле кампустагы ар түрдүүлүк боюнча көз караштарды текшерүүнү жана айрым студенттик клубдарды таануудан баш тартууну талап кылган. Администрация былтыр Израилдин Газа секторундагы согушуна каршы студенттик акциялар учурунда университеттер антисемитизмге көз жумуп койгон деп эсептейт.
Окуу жай мындай талаптардан баш тарткандан кийин жооп катары администрация Гарвард университетине бөлүнгөн 9 миллиард доллардын ичинен 2,2 миллиард долларлык мамлекеттик каржылоону токтотту. Мындан тышкары университетти “салыктан бошотулган” макамын жокко чыгарарын, чет элдик студенттерди кабыл алуу укугун алып саларын айткан.
“Бул сот иштери өкмөттүн федералдык каржылоону токтотуп салуу менен Гарварддагы илим боюнча чечимдерди көзөмөлгө алууга аракет кылганын көрсөтөт”, - деп айтылат арызда.
Университет Трамптын администрациясынын аракеттери мыйзамсыз жана сөз эркиндигин бузат деп эсептейт. Университеттин президенти Алан Гарбер каржылоонун токтошу балдар рагы, Альцгеймер жана Паркинсон оорусун дарылоого болгон изилдөөлөргө терс таасирин тийгизерин айтты.
Алан Гарбер университет Трамптын айыптоолоруна карабастан, дискриминацияга каршы мыйзамдарды толук сактап жатканын билдирди.
АКШ президентинин администрациясы Гарварддын мындай билдирүүсүнө комментарий бере элек.
Шерине