Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Лондондо АКШ, Европа жана Украинанын өкүлдөрү жолугушат


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский 23-апрелде Лондондо согушту жөнгө салуу боюнча Украинанын, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн делегацияларынын жолугушуусу өтөрүн ырастады.

"Шаршемби күнү биздин өкүлдөр Лондондо иштешет. Украина, Улуу Британия, Франция, Америка Кошмо Штаттары – биз шартсыз ок атышууну токтотууга жана андан кийин чыныгы жана туруктуу тынчтык орнотууга жетүү үчүн конструктивдүү аракеттерди улантууга даярбыз. Жардам көрсөткөн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем. Шартсыз ок атышууну токтотуу тынчтыкка болгон алгачкы кадам болушу керек жана бул Пасха майрамында дал ушул Орусиянын аракеттери согуштун уланышына себеп болуп жатканын көрсөттү", - деп Зеленский Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен сүйлөшүүдөн кийин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Дүйшөмбүдөгү кайрылуусунда Зеленский Лондондогу сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты ок атышууну шартсыз токтотуу экенин белгиледи.

Bloomberg агенттигинин булагынын маалыматына караганда, Америка тараптан сүйлөшүүлөргө АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана президент Трамптын атайын чабармандары Стив Уиткофф жана Кит Келлог катышат. Алар Франциянын, Германиянын, Британиянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери менен жолугушат.

АКШ, Украина жана Европа мамлекеттеринин сүйлөшүүлөрү ушул жумада өтө турганы тууралуу буга чейин Wall Street Journal гезити кабарлаган. Басылманын маалыматына караганда, Вашингтон Украинага согушту токтотууга багытталган сунушунда АКШ Крымдын аннексиясын тааный турганы жана Украинанын НАТОго мүчө болуудан баш тартуусу сыяктуу шарттар жазылган.

Гезиттин маектештеринин айтымында, АКШнын Украинаны жөнгө салуу боюнча сунуштарынын айрым бөлүктөрү Орусиянын талаптарына туура келбейт. Мисалы, АКШ Украинанын чыгышындагы төрт облус – Запорожье, Херсон, Луганск жана Донецкиге Орусия мыйзамдуу көзөмөл кылганын тааныбайт.

Ошол эле учурда бул аймактардан орус аскерлерин чыгаруу боюнча талаптар сунуштарда көрсөтүлгөн эмес. Мындан тышкары, сунушта Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын кыскартуу жана Батыш өлкөлөрүнүн Киевге аскердик жардам көрсөтүүсүн же Европа аскерлерин жайгаштырууну четке кагуу камтылган эмес.

The Wall Street Journal гезитинин булактарынын айтымында, планда каралган дагы бир сунуш – Запорожьедеги атомдук электр станциясы жайгашкан жерди “нейтралдуу аймак” деп жарыялоо. Бул аймак АКШнын көзөмөлүндө болушу мүмкүн экени айтылууда. АЭСти 2022-жылдын март айында орус аскерлери басып алган.

Шаршемби күнү Лондондо өтө турган сүйлөшүүлөрдө дал ушул сунуштар талкууланары күтүлүүдө. Андан кийинки кадам АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткоффтун Орусияга болгон кезектеги сапары болушу мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG