Орусия өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга документтерин тууралоо үчүн берилген мөөнөтү 10-сентябрга чейин узартканы белгилүү болду. Бул тууралуу Орусиянын президентинин чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов 21-апрелде Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев менен жолуккан учурда билдирди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен уюштурулуп, Орусияда жүргөн кыргыз мигранттарынын маселеси жана мончодогу окуя талкууланган.
Элчи Бөкөнтаев бул окуяга тынчсыздануусун билдирип, Орусия бул маселени калыс жана акыйкат териштириши керектигин белгиледи.
Сөз болуп жаткан жарлыкка Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр 12-декабрда кол койгон. Ага ылайык, мыйзамсыз жүргөн мигранттарга 30-апрелге чейин документтерди тууралоого мөөнөт берилген. Мындан тышкары мыйзамсыз жүргөн мигранттарды милиция кызматкерлери соттун чечими жок эле өлкө аймагынан чыгарууга укуктуу.
Мындан эки күн мурда Орусиянын ИИМнин расмий өкүлү Ирина Волк Москва мончосундагы окуя боюнча "Бодрость" мончо комплексинин башкаруучусуна жана эки адамга мыйзамсыз миграция уюштуруу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
17-апрелде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мончодо 10-апрелде өткөрүлгөн рейд боюнча билдирүү таратканын ТАСС маалымат агенттиги жазган. Анда мекеме "Бодрость" мончосунда болгон окуяны "коомдук жайларды пландуу текшерүү" деп атаган. Билдирүүдө рейд учурунда дээрлик 60 кыргызстандык жаран кармалганы кабарланган. Алардын 25ине Орусиянын миграция мыйзамдарын бузуу боюнча протоколдор түзүлүп, айрымдары "радикалдык топторго тиешеси бар" деген шек менен кармалган. Ошондой эле алар укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүшкөндүктөн күч колдонулганы белгиленген.
Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.
Ошол учурда мончодо болуп, сабалган мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай уруп-сабап, бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.
Социалдык тармактарда кыргызстандыктарды аёосуз сабаган полиция кызматкерлерине сын айтылып, кыргыз бийлигин бул окуяга чукул реакция кылуу талабы жазылып жатат. Ушундай эле талапты Жогорку Кеңеште бир нече депутат коюп, кыргыз өкмөтүнүн ишин сынга алган.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Сергей Вакуновго мончодогу операциянын мыйзамдуулугу, андагы жарандарга күч колдонуунун себептери боюнча маалымат берүү жана күч колдонуу негизсиз болсо, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота тапшырган.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев коопсуздуктан улам сабалган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартканын айткан. (TAb)
Шерине