АКШнын президенти Дональд Трамп: “Украина менен Орусия ушул аптада келишимге жетишет деп үмүттөнөм”- деп билдирди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти 20-апрелдин кечинде Truth Social платформасындагы баракчасына жазды.
“Эки тарап тең АКШ менен ири бизнес жүргүзөт, пайда табат”, - деп кошумчалады Трамп.
Мунун алдында 19-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин Пасха майрамынын урматына Украина менен 21-апрелдин түн ортосуна чейин ок атууну убактылуу токтоторун жарыялаган.
Көп өтпөй эле Украинанын президенти Владимир Зеленский мындай келишимди кубаттап, бирок Орусия согушта тынчтыкты кармаса, өз өлкөсү да ошого жараша аракет кыларын билдирген.
Бул убакыт аралыгында Украинадагы шаарларга аба соккулары азайганы менен расмий Киев орус тарап ок атуу келишимин 3000ге жакын бузду деп жарыялады.
Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мамлекеттик ТАСС агенттигине Путин 21-апрелден кийин ок атууну токтотуу келишимин узартпаганын билдирди.
Бүгүн таңга маал Киевде аба соккуларынын коргонуу тууралуу эскертүүлөр жаңырды. Ал эми Николаев облусуна дрон чабуулу жасалганын аталган аймактык жетекчилиги билдирди.
Шерине