Кыргызстанда бетин толук жаап жүргөн, ушундан улам анын ким экени аныкталбаган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизилбейт. Бул талапты бузган учурда айып пул салынат.
Бул тууралуу 18-апрелде президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жүзүн жаап жүргөн адамдарга байланыштуу түшүндүрүү иштери боюнча жыйын учурунда айтты.
Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадр иштери боюнча түзүмдүк бөлүктөрүнүн өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана дин кызматкерлери катышты. Жыйында мыйзамдын талаптарын туура жана түшүнүктүү жеткирүү жолдору да талкууланды.
Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сом айып пул салынат.
Апрель айынын башында Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун аймагында жана Ош облусунда никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөндөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Укук коргоо органдары мыйзамды бузгандар айыпка жыгыларын эскертишкен.
Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. (BTo)
Шерине