Парижде 17-апрелде Украина менен АКШ өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу талкууланды.
Анда америкалык президент Дональд Трамптын командасы согушту токтотуу үстүндө иштей турганы жарыяланды. Бул тууралуу "РБК-Украина" мамлекеттик катчы Марко Рубио жана АКШнын Украина боюнча чабарманы Кит Келлог баштаган өкүлдөрдүн сүйлөшүүсүнө катышкан булакка таянып кабарлады.
Келлог Елисей сарайында орус-украин согушун токтотуу боюнча өткөн жолугушууну "майнаптуу" деп атады.
Сүйлөшүүгө америка тараптан Рубио жана Келлогдон башка АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф да катышты. Украин өкүлдөрүн коргоо министри Рустем Умеров жана президенттин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак баштап барган. Сүйлөшүүгө Франциянын, Улуу Британиянын жана Германиянын жетекчилери да катышты.
Андрей Ермак Парижде бейшемби күнү Украинадагы туруктуу тынчтыкты камсыздоо боюнча жаңы форматтагы сүйлөшүүлөр башталганын жарыялады.
Ермактын айтымында, бул Украинанын жана АКШнын өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүсү эмес, "каалоочулардын коалицияларынын өкүлдөрү жана америкалык өнөктөштөр бириккен өзгөчө формат", - деди ал. Украинанын кеңсесинин башчысы бул формат "абдан эффективдүү болот" деп эсептейт.
Би-би-синин кабарчысы европалык дипломаттарга шилтеме берип, сүйлөшүү маалында тараптар Уиткоффтон Орусиянын президенти Владимир Путин менен өткөн жумадагы жолугушуусу тууралуу маалымат алганын билдирди. Бул АКШны Орусияга басымды күчөтүүгө көндүрүү үчүн мүмкүнчүлүк болуп калды.
Француз чиновниктери Париждеги жолугушуу эң мыкты өткөнүн, европалыктар Украинанын келечеги үчүн сүйлөшүүгө чогулганын айтышты. Франциянын президенти Эммануэл Макрондун кеңешчилеринин бири атын жашыруун калтыруу шарты менен консультациялар Трамптын согушка чекит коюу максатына дал келерин көргөзгөнүн айтты. "Баары бекем жана туруктуу дүйнөнү каалайт. Бул этаптуулук маселеси", - деп билдирди Макрон Рубио баштаган АКШ өкүлдөрү менен Елисей сарайында өткөн жолугушууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшембиде журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Трамптын атайын чабарманы Уиткоффту сынга алды. Украин лидеринин айтымында, Уиткофф орусиялык стратегияга ыктап турат. "Ал атайылап да, байкабай да орусиялык билдирүүлөрдү таратып жатат", - деди Зеленский.
Бир эле убакта ал Стив Уиткофф украиналык аймакты талкуулоо мандатына ээ эместигин билдирди. Зеленскийдин белгилешинче, бул жумада Украинанын өкүлдөрү өлкөсүнүн коопсуздугу үчүн ок атышууну токтотуу тууралуу гана сүйлөшөт, бул кандайдыр бир аймакка байланыштуу талаптарга макул болууну билдирбейт.
17-апрелдин кечинде Сергей Лавров башында турган Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Билдирүүдө Рубио маектешин бейшембиде Парижде өткөн Украина жана европалык өкүлдөр менен жолугушуусу тууралуу кабарлаганы айтылат. Текстте "Лавров Москванын америкалык кесиптештери менен украин кризисин чечүүдөгү тоскоолдуктарды жоюуда чогуу иш алып бара турганы" белгиленген.
Шерине