Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Парижде Европа, АКШ жана Украинанын жогорку даражалуу жетекчилери жолугушууда


Германиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Йенс Плетнер жана АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Париждеги Елисей сарайында.
17-апрель, 2025-жыл.
Германиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Йенс Плетнер жана АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Париждеги Елисей сарайында. 17-апрель, 2025-жыл.

Европанын алдыңкы мамлекеттеринин, АКШ жана Украинанын жогорку деңгээлдеги расмий өкүлдөрү 17-апрелде Парижге чогулду. Бул саммит Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотууга багытталган. Ага Американын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Украинанын президентинин кеңешчиси Андрей Ермак катышууда.

Ушул эле саммитке Британиянын тышкы иштер катчысы Дэвид Ламми жана Германиянын канцлери Олаф Шольцтун жогорку кеңешчиси да чакырылган.

АКШнын мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө бул сүйлөшүүлөрдүн максаты “Трамптын Орусия–Украина согушуна чекит коюп, кан төгүүнү токтотуу ниетин илгерилетүү” экени жазылган.

“Украинанын жана бүтүндөй Европанын коопсуздугу үчүн маанилүү маселелерди карап жатабыз”, - деп жазды X социалдык түйүнүнө Ермак. Ал кошумчалагандай, күн тартибинде эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр бар.

АКШ Киев менен Москваны ок атууну токтотуу сүйлөшүүлөрүнө түртүп жатса, Европа өлкөлөрү Украинаны колдоо жана мүмкүн болуучу аскердик миссия аркылуу ок атышпоо келишимин камсыз кылуу боюнча даярдыктарды көрүүдө.

Буга чейин, өткөн аптада Стив Уиткофф Санкт-Петербургда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан. Андан соң Fox News телеканалына курган маегинде Уиткофф Путин “туруктуу тынчтык” орнотууну кааларын айтып, “беш облуска байланыштуу маселени” көтөргөнүн айтып берген.

Бул Орусия жарым-жартылай басып алган жана өзүнө караштуу деп жарыялаган Украина аймактары жөнүндө сөз болууда.

Москва АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган ок атууну токтотуу келишимине кошулуудан баш тартты. Орусия Батыш өлкөлөрүнөн Украинага курал жеткирүүнү токтотууну талап кылууда. Киев бул келишимди кабыл алган.

Акыркы күндөрү орус армиясы Украинанын шаарларына ракеталык соккуларын күчөттү.



Шерине

XS
SM
MD
LG