Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:01

ТИМ Мьянмада мыйзамсыз кармалып турган жети кыргыз жараны алып келингенин билдирди


Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жайгашкан имарат.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жайгашкан имарат.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын жети жараны Мьянмада кулчулуктан бошотулганы тууралуу маалыматка комментарий берди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Мьянманын аймагындагы аскердик лагерлерде мыйзамсыз кармалып турган кыргыз жарандары 11-апрелде мекенине жеткирилген. Алар эмгек миграциясына байланыштуу алдамчылык схемалардын курмандыгы болуп, жогорку маяна төлөнүүчү жумушка орноштуруу убадасына ишенип барышкан.

Министрлик Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө адам соодасына байланыштуу окуялар көп болуп жатканын билдирип, Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө ишке киргизүү боюнча сунуштарды кароодо этият болууга чакырды.

14-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Кыргызстандын жети жараны Мьянмада кулчулуктан бошотулуп, Кыргызстанга алып келингенин айткан. Буга байланыштуу чет өлкөдө жумушка орноштурууну убада кылып, бирок шылуундук менен алектенген агенттиктер көп экенин кошумчалап, аларга чара көрүүгө чакырган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG