Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Жанар Акаев Москвада сабалган мигранттар боюнча ТИМди чукул чара көрүүгө чакырды


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев Москва шаарындагы “Бодрость” мончосунда ур-токмокко кабылган Кыргызстандын жарандары боюнча Тышкы иштер министрлигин (ТИМ) жетиштүү иш алып барбай жатат деп сынга алды.

Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 14-апрелдеги жыйынында маселе көтөрдү.

“Биздин жарандар мончого түшүп жатышса ОМОНдор, кошуундар келип зөөкүрлөрчө, жапайычылык менен сабап, жөрмөлөтүп кордоду. Мигранттар “Азаттыкка” берген инервьюларды окуп чыктым. “Ачуу калемпир жедирди” дейт. “Эмнеге сабап атасыңар?” десе “силер бизге жакпайсыңар” дептир. Стратегиялык өнөктөш, союздашпыз деп айтабыз. ЕАЭБде мүчөбүз”, - деди ал.

14-апрелде Орусиянын Кыргызстандагы элчичи Сергей Вакунов Тышкы иштер министрлигине чакырылып, бул окуяга байланыштуу нота тапшырылды.

Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.

Ошол учурда мончодо болуп, сабалган мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай уруп-сабап, бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.

ТИМ окуя “Бодрость” мончо комплексинде жүз бергенин кабарлады.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, ур-токмокко кабылып кармалган 24 кыргызстандык мигранттын төртөө Орусиядан чыгарылат.

Социалдык тармактарда кыргызстандыктарды аёосуз сабаган полиция кызматкерлерине сын айтылып, кыргыз бийлигин бул окуяга чукул реакция кылуу талабы жазылып жатат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG