Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Министрдин орун басары бюджетте медкызматкерлердин маянасын көтөрүү маселеси каралбаганын билдирди


"Азаттыктын" коллажы.
"Азаттыктын" коллажы.

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева айрым дарыгерлер 24 саат иштейт деген маалыматтар чындыкка дал келбесин айтып чыкты. Министрдин орун басары бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 14-апрелдеги жыйынында медициналык кызматкерлердин айлык акысы тууралуу маселеге жооп берип жатып билдирди.

"Мен дарыгерлер 24 саат иштейт деген нормативге ишенбейм. Кантип эле киши 24 саат бою тынбай иштей алат? Бизге ушундай норматив келип жатат. Нөөмөттө тургандар эртеси күнү эс алышат".

Жибек Дүйшееванын сөзүнө депутат Жылдыз Садырбаева макул болгон жок:

"Кандайча кантип иштей албайт? Нөөмөтчү дарыгерлер, медайымдар бар. Алардын айрымдары айлыктын аздыгынан эки күн катары менен 24 сааттап иштешет. Анткени айлык аз, экинчиден дарыгерлер жетишпейт. Айлыкка карап чыгышат, анткени бул дагы кошумча акча", - деди Жылдыз Садырбаева.

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшееванын депутаттарга берген маалыматына караганда, 2025-жылдын бюджетинде медицина кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүү каралган эмес.

"Өзүңөр колдоп, кабыл алып бергенсиңер бюджетти. Каралган эмес. Саламаттык сактоо министрлиги сунуштама берген. Бирок айлык акыны көтөрүү үчүн туруктуу чыгаша, булактары каралышы керек. Ансыз болбойт".


Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 14-апрелдеги жыйынында "Жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралып, кабыл алынды.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин айлыгы көтөрүлгөнүн, 120 миң сомго чейин айлык алгандар бар экенин билдирген. Ал кызматтан кеткенден кийин ордуна келген министр Эркин Чечейбаев дарыгерлер учурда түрдүү коэффициенттерди жана кошумча акыларды кошкондо 35-40 миң сом аларын айткан.


Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2024-жылы Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык акысы 37 миң 361 сом деп эсептелди. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 12,7% жогору.

Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар орточо эмгек маяна 37 миң сомго жетпей турганын айтышат. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG