Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Москвада полиция сабаган мигранттардын төртөө Орусиядан чыгарылат


Мончодогу сабалган мигранттардын окуясы тартылган видеодон алынган сүрөт.
Мончодогу сабалган мигранттардын окуясы тартылган видеодон алынган сүрөт.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвадагы мончолордун биринде ур-токмокко кабылып кармалган 24 кыргызстандык мигранттын төртөө Орусиядан чыгарыларын билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү кармалган Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоо иштерине кошулду.

Өткөн аптанын аягында социалдык тармактарга Москвадагы мончолордун биринде кыргызстандыктарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабады делген видео тараган. Анда мигранттарды полиция кызматкерлери колдорун артка кайрып жаткырып, айрымдарын чапкылап жатканын көрүүгө болот.

Ошол учурда мончодо болуп, сабалган мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай уруп-сабап, бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.

12-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвада болгон окуя териштирилип жатканын билдирген.

Социалдык тармактарда кыргызстандыктарды аёосуз сабаган полиция кызматкерлерине сын айтылып, кыргыз бийлигин бул окуяга чукул реакция кылуу талабы жазылып жатат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG