Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:58

Оманда АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү өттү


Омандагы Иран делегациясы.
Омандагы Иран делегациясы.

Омандын борбору Маскат шаарында ишембиде АКШ менен Ирандын бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда өзөктүк программа боюнча акыркы убактардагы алгачкы кыйыр сүйлөшүүлөр болду.

Иран делегациясын тышкы иштер министри Аббас Аракчи, АКШдан келген топту президент Дональд Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф жетектеди. Уиткофф мындан бир күн мурда Санкт-Петербург шаарында болуп, Орусия президенти Владимир Путин менен Украинадагы согушту талкуулаган.

АКШ менен Ирандын дипломатиялык алакасы жок болгондуктан, алардын ортосундагы сүйлөшүүлөр кыйыр формада өттү. Ортомчулук кызматын Омандын тышкы иштер министри аткарып, эки башка бөлмөдө отурган делегация өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн бири-бирине жеткирип турду. Бирок "Фарда” радиосу (“Азаттыктын” иран кызматы) кабарлагандай, расмий сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин АКШ менен Иран өкүлдөрү бир нече мүнөт бейформал жолугуп сүйлөшкөн.

Ирандык басылмалар өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянып, келерки жумада сүйлөшүүлөрдүн дагы бир айлампасы болорун жазышты. Ошондой эле ишембидеги жолугушуу конструктивдүү жана сый мамиледе өткөнүн белгилешти. Ал эми Омандын дипломатиялык мекемеси бул жолугушуу "достук маанайда" өттү деп мүнөздөдү.

Ак үй да президенттин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Оманда Ирандын тышкы иштер министри менен жолукканын ырастады. Анда сүйлөшүүлөр “абдан позитивдүү жана конструктивдүү” болгону, бул “өз ара кабыл алына турган жыйынтыкка жетүү жолундагы кадам” экени жазылган. Билдирүүдө кийинки сүйлөшүү 19-апрелде өтөрү белгиленген.

Reuters агенттиги бул Дональд Трамп президент болгондон бери (анын 2017–2021-жылдардагы биринчи мөөнөтүн кошкондо) алгачкы жолугушуулар экенин жазды. Трамптын мурдагы мөөнөтүндө АКШ Иран менен өзөктүк келишимден чыгып кеткен болчу.

7-апрелде Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, АКШ Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу “түз сүйлөшүүлөрдү” жүргүзөрүн жарыялаган. Ошол эле маалда ал жолугушуу ишембиде жогорку деңгээлде өтөрүн айткан. Ирандын тышкы иштер министри бул жолугушуу 12-апрелде өтөрүн, бирок сүйлөшүүлөр кыйыр түрдө жүргүзүлөрүн тактаган.

Трамп билдиргендей, АКШнын негизги максаты - Израилдин өзөктүк куралга ээлик кылышына жол бербөө. Ошол эле учурда Вашингтон Ирандын өзөктүк программасынан толук баш тартуусун талап кылууда, бирок расмий Тегеран бул программа өзөктүк курал өндүрүүгө багытталган эмес деп билдирип келет.

Трамп Иран жетекчилигине сунуш бергенин айткан, бирок анын шарттары ачыкталган жок. Тегеран кандай гана болбосун келишим Иранга карата киргизилген санкциялардын жоюлушун камтышы керектигин билдирген.

АКШ президенти Иран менен келишимге жетишилбесе, Вашингтон күч колдонуу ыкмасын да четке какпай турганын белгиледи.

Шерине

XS
SM
MD
LG