11-апрелде Вашингтондо Украина менен АКШ өкүлдөрүнүн жаратылыш ресурстары жөнүндөгү макулдашууга байланыштуу биринчи жыйыны өттү.
Рейтер булактарга таянып сүйлөшүү АКШнын макулдашууда камтылган "максималдуу" талаптарына байланыштуу чыңалган абалда жүргөнүн кабарлады.
Агенттиктин булагынын билдиришинче, документте Орусиянын "Газпром" ишканасынын Украина аркылуу Европага өткөн кууруна көзөмөлдү АКШнын эл аралык каржылоо корпорациясына өткөрүп берүү талабы камтылган. Бул транзит аркылуу газ өткөрүү 2025-жылдын 1-январында токтогон.
Рейтердин маалыматында макулдашуунун акыркы долбоорунда Кошмо Штаттарга Украинанын пайдалуу кендерин колго алууда артыкчылык берүү да каралган. Документке ылайык, Киев Украинанын мамлекеттик жана жеке компанияларынын кенден түшкөн каражаттарын АКШ менен биргеликте ачылган инвестициялык фондго төгүүгө тийиш. Бирок документте Украинанын коопсуздугу боюнча эч кандай кепилдик камтылган эмес.
Украин өкмөтү макулдашуу долбоору боюнча консультация алуу үчүн америкалык-британдык Hogan Lovells юридикалык фирмасын жалдаган.
- Вашингтон менен Киев украиналык пайдалуу кенге жетүү боюнча келишимге кол коюуну 20-февралга пландаган. Ак үйгө Украина президенти барган. Протоколдук видеого, сүрөткө тартуу учурунда украин президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнстин ортосунда келишпестик чыккан. Соңунда документке кол коюлган эмес.
- Марттын соңунда АКШда Украинанын пайдалуу кенинин баарын алууга жол ачкан макулдашуунун жаңы варианты даярдалган. Киев бул макулдашуунун бир гана варианты экенин, иш уланарын билдирген.
Шерине