Орусиянын Санкт-Петербург шаарында орус президенти Владимир Путиндин АКШнын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугушуусу өттү. 11-апрелдин кечиндеги жолугушуу жалпысынан 4,5 саат уланды.
Расмий сүрөткө түшүүдөн кийин Путин менен Уиткофф өзүнчө жабык жолугушууга жөнөштү. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков талкуулана турган маселе Украина болорун, андан кийин, балким, Путин Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүшү мүмкүн экенин айткан. Андай сүйлөшүү болдубу, жокпу, азырынча маалымдала элек.
АКШ администрациясынын басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт брифингде Уиткоффтун Орусияга сапарын “тынчтыкка карай дагы бир кадам” деп атаган.
Трамп президенттик кызматка киришкенден бери бул Уиткоффтун Орусияга үчүнчү сапары.
Путин менен жолугушууга чейин Трамптын атайын чабарманы Путиндин чет өлкөлөр менен кызматташтык боюнча өкүлү Кирилл Дмитриев менен жолугушту. Алар өткөн аптада да Вашингтондо сүйлөшүү өткөрүшкөн. (RK)
Шерине