Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Эл аралык уюмдар Борбор Азия лидерлерин адам укуктары боюнча убадаларын аткарууга чакырышты


Кыргызстанда камалган журналист Махабат Тажибек кызы.
Кыргызстанда камалган журналист Махабат Тажибек кызы.

Сегиз эл аралык уюм Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин адам укуктары боюнча берген убадаларын аткарууга чакырышты. Алар чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн президенттерин адам укуктарына артыкчылык берүүгө жана Европа Биримдиги—Борбор Азия саммитинде айтылган убадаларды аткарууга үндөштү.

Аталган кайрылууга Civil Rights Defenders, International Partnership for Human Rights, Araminta, Freedom Now, Норвегиянын Хельсинки комитети, People in Need, International Federation for Human Rights жана World Organisation Against Torture уюмдары кол коюшту.

Укук коргоочулар Самаркандда өткөн саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган декларацияны эске салышты. Анда сөз эркиндигине жана жарандык бирикмелерге берилген колдоо, жарандык коом жана көз карандысыз маалымат каражаттары үчүн жагымдуу чөйрө түзүү, укук коргоочуларды коргоо, аялдардын жана балдардын укуктарын сактоо милдеттенмелери камтылган.

Кайрылуунун авторлору Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн "экстремизмге жана жалган маалыматка каршы күрөшүү" деген шылтоо менен кабыл алынган мыйзамдарды колдонуп, жарандык коомдун, оппозициянын өкүлдөрүн жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырышты.

Укук коргоочулар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун журналист Азамат Ишенбековго ырайым беришин жакшы жаңылык катары кубатташты. Алар ошондой эле кыргыз бийлиги башка журналисттерге карата чечимдерди дагы кайра карап чыгышы керек экенин белгилешти. Кайрылууда Махабат Тажибек кызы бошотулуп, Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровго берилген сыноо мөөнөттөрү жоюлушу зарыл экени белгиленген.

"Ошондой эле, көз карандысыз журналист Канышай Мамыркулова дароо бошотулушу керек. Ага жана башка сын пикирин социалдык тармактарда билдирген адамдарга козголгон кылмыш иштери токтотулушу керек", - деп жазылат документте.

Европа Биримдиги—Борбор Азия саммити 3–4-апрелде Өзбекстанда өттү. Иш-чарага Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта жана Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн президенттери катышты.

Брюссель соода жана инфратүзүм тармагына жаңы инвестиция салууну жана регион менен алакаларды күчөтүү ниетин жарыялады.

Адам укуктары бул жогорку деңгээлдеги жолугушуунун күн тартибине киргизилгени менен бул темага артыкчылык берилген жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG