АКШнын Украинадагы элчиси Брижит Бринк кызматтан кеткенин Мамлекеттик департамент 10-апрелде ырастады. Бул Вашингтон менен Киевдин мамилесинде белгисиздикти күчөтөрүн Reuters маалымат агенттиги жазды.
Мурдараак агенттик кабардар булактарга таянып Бринк дипломатиялык кызматтан кетүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы электрондук катка жооп берип, Бринк кызматтан кетип жатканын ырастады.
"Ал үч жыл элчи болду. Бул согуштук аймак үчүн узак убакыт", - деп белгиледи департамент.
Associated Press агенттиги Бринк жакын арада кызматтан кетерин, бирок так мөөнөтү белгисиз экенин Мамдепартаменттин маалыматына таянып жазды. AP айрыкча АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын Орусия менен жакындашуусун, Орусиянын Украинага каршы согушун мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга басым жасаганын эске алганда Бринктин кызматтан кетиши бир топ убакыттан бери эле күтүлгөнүн белгиледи.
Брижит Бринк АКШнын Украинадагы элчиси болуп 2022-жылдын май айында, америкалык администрацияны Жо Байден башкарып турган учурда барган. Бринк АКШнын Украинага аскерий жардамын улантууну колдогондордун катарында. Reuters агенттигинин булактары белгилегендей, ал азыр өз каалоосу менен кызматтан кетип жатат.
Шерине