АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдан келген товарларга тариф 104 пайыздан 125 пайызга көтөрүлө турганын жарыялады. Калган өлкөлөргө сүйлөшүүлөр үчүн 90 күндүк тыныгуу киргизилет. Бул убакыт ичинде тариф 10% түзөт.
"Кытай дүйнөлүк базарды сыйлабастыгын эске алып, Америка Кытайдан келген товарларга тарифти 125% көтөрөт. Бул чечим дароо күчүнө кирет. Кытай АКШны жана башка өлкөлөрдү алдоо доору артта калганын түшүнөт", — деп жазды Трамп социалдык тармакта.
Ал 75тен ашуун өлкө тариф маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн АКШга кайрылып, "жооп иретинде эч кандай чара көрүшпөгөнүн" белгиледи. Трамп ушул себептүү аларга кошумча төлөм киргизүүнү 90 күнгө токтотуп турууну чечкенин жазды. Тыныгуу кайсыл өлкөлөргө берилгенин Трамп ачыктаган жок.
Би-Би-Синин жазганына караганда, Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт 10 пайыздык тариф Кытайдан башка бардык өлкөлөргө тийиштүү экенин билдирген.
Расмий Бээжиндин бир аз мурдараак АКШ товарларына 84% чейинки бажы салыгын жарыялашы дүйнөлүк каржы базарларында чоң дүрбөлөң жараткан.
Кытайдын бул кадамы Вашингтон кытайлык товарларга киргизген 104% тариф расмий күчүнө кирген күнү жасалган. Бээжин бул кадамын "АКШнын тынымсыз соода агрессиясына" жооп иретинде коргонуу чара катары киргизилди деп түшүндүргөн. Кытай АКШ администрациясына жеңилдик бербестигин билдирип, Трамптын "ойлонбогон" тариф саясатына каршы Дүйнөлүк соода уюмуна арызданды.
Евробиримдик АКШнын 21 миллиард еврого (23,2 миллиард долларга) бааланган товарларына каршы 25% бажы төлөмдөрүн жактырган. Шаркетке мүчө 27 өлкөнүн көпчүлүгү бул чечимди 9-апрелде колдоп добуш беришти. Айрым бажы төлөмдөр 15-апрелден тартып күчүнө кирет.
Өткөн жылы АКШ Кытайдан жалпы көлөмү 439 миллиард долларлык товар импорттогон. Алардын арасында эң кымбат баалуу товарлар — смартфондор, ноутбуктар, литий-ион батареялары, оюндар жана оюнчуктар болгон.
Ошол эле маалда Америка Кытайга 144 миллиард долларлык товар экспорттогон. Бул сооданын натыйжасында АКШ Кытай менен болгон соодадан 295 миллиард доллар дефицитке учураган.
Шерине