Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Сырский Орусия чабуулдарын эки эсе күчөткөнүн айтты


Согуш талаасындагы украин аскерлери. Архив.
Согуш талаасындагы украин аскерлери. Архив.

Орусиянын аскерлери фронт тилкесинде Украинанын аймагына жаңы чабуулдарын баштаганын 9-апрелде украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Lb.ua басылмасына курган маегинде билдирди. Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

Андан мурдараак украин президенти Владимир Зеленский чалгын кызматынын маалыматына негиздеп Орусия "Сумы, Харьков жана Запорожье облустарына жаңы чабуулдарга даярданып жатканын" айткан.

Сумы жана Харьков облустарындагы абал тууралуу Сырский "андай чабуул башталды" деп айтты.

"Бир нече күндөн, дээрлик бир аптадан бери бардык негизги багыттарда душман чабуулдарын эки эсе күчөткөнүн көрүп жатабыз", — деди ал.

Сырский жүрүп жаткан бардык сүйлөшүүлөргө карабастан чабуулдар көбөйгөнүн айтып, жалпысынан Орусия Украинага толук масштабдуу согушун баштагандан бери аскердик топторунун санын беш эсе көбөйткөнүн да кошумчалады.

"Ай сайын алардын саны 8-9 миңге көбөйүүдө, бир жылда бул 120-130 миң. 2025-жылдын 1-январына карата Орусиянын Украинадагы согушка тартылган аскерлеринин саны 603 миң болсо, азыр 623 миңге жетти", - деди ал.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери анын аймактарын учкучсуз учактардан, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан жана ракета, башкарылуучу авиациялык бомба менен аткылоону токтотпой келе жатат. Москва Украинанын шаар-кыштактарынын жарандык инфраструктурасын атайылап талкалап, элин өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду мойнуна албай келет.

Украин бийлиги, өнөктөштөрү жана эл аралык уюмдар Орусиянын соккуларын согуш кылмышы, атайын жасалган каршы аракет деп баалап жатышат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG