Бүгүн 9-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын кармалышына байланыштуу сот отуруму белгиленген. Бул күнү адвокаттардын журналистти кармоо учурундагы тергөөчүнүн жана ыкчам кызматкерлердин аракетин мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү каралмак.
Бирок сотко Мамыркулова алынып келинген жок. Адвокат Акынбек Ногоев отурумду Мамыркулованын өзү жок өткөрүү мыйзамсыз экенин айтып, аны алып келүү өтүнүчүн келтирди.
Бирок судья процессти Мамыркулова жок улантуу чечимин кабыл алды.
Соттун бул чечиминен кийин жактоочулар сотко жана ишке катышып жаткан прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөттү.
Прокурор Мамыркулованын жүйөлөрү өтүнүчтө толук келтирилгенин, андыктан отурумду ал жок эле өткөрө берсе болорун негиз кылды.
Сот адвокаттардын өтүнүчүн четке кагып, отурум Мамыркулованын катышуусусуз уланды.
Бишкек шаардык милиция кызматкерлери эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган. Жактоочулар соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанышкан. Анын бөгөт чарасына байланыштуу отурум 9-апрелде 16:00дө Бишкек шаардык сотунда каралат.
Шаардык милиция Мамыркуловага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып койгон.
21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган.
Норвегиялык Хельсинки комитети менен Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights - IPHR) кыргыз бийлигин Канышай Мамыркулованы бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырган.
49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген. (AiB/КЕ)
Шерине