Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

АКШ Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнө коркунуч жаратып жатканын билдирди


Дороти Ши.
Дороти Ши.

Орусия Украинанын шаарларына сокку уруу менен тынчтык келишимине коркунуч жаратып жатканын Кошмо Штаттардын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) өкүлү Дороти Ши Нью-Йоркто БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. Ал орус армиясынын жалпысынан 20 кишинин өмүрүн алган Кривой Рогдогу соккусун эске салды. Каза болгондордун тогузу балдар.

"Биз Орусияны Кривой Рогдогудай соккулар, ошондой эле согуш туткундарынын өлтүрүлүшү тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракеттерине жана алдыдагы сүйлөшүүлөргө коркунуч туудурушу мүмкүн экенин эстен чыгарбоого чакырабыз", - деди дипломат.

Анын айтымында, Вашингтон милдеттенмелердин бузулушун кабыл албайт жана "узакка созулган сүйлөшүүлөргө" чыдабайт.

Өз кезегинде Орусиянын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Василий Небензя украиналык аскер кызматкерлеринин жана батыш инструкторлорунун топтолушу орус армиясынын мыйзамдуу бутасы экенин билдирди.

Небензя Украин аскер күчтөрүн энергетикалык объектилерди аткылоону токтотуу боюнча макулдашууну бузду деп айыптады. Ошол эле учурда ал Москва Украина боюнча олуттуу диалогго даяр экенин, бирок сүйлөшүүлөрдү Киевдин аскерий потенциалын жогорулатуу кызыкчылыгы үчүн колдонууга жол бербей турганын белгиледи.

Шерине

XS
SM
MD
LG