АКШнын Украинадагы элчиси Киевге колдоо көрсөтөрүн билдирди.
"Кривой Рог шаарында жасалган орус армиясынын ракеталык чабуулунан 20 адам, анын ичинде 9 бала мерт кетти. Улуттук аза күтүү күнүндө биз украин эли менен биргебиз. Каза болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", — деп жазды 6-апрелде АКШнын элчиси Брижит Бринг X социалдык түйүнүнө.
Мындай билдирүү орус армиясы бир нече жолу жайкын тургундар жашаган аймактарга сокку ургандан кийин жасалды. Ал эми Франциянын президенти Эммануэл Макрондун айтымында, Москва тынчтык келишимине жетишүү аракеттерине тоскоолдук жаратууну улантса, ага "катуу чаралар" көрүлүшү керек.
"Украина дээрлик бир ай мурун президент [Дональд] Трамп сунуштаган 30 күндүк ок атышууну эч бир шартсыз токтотуу демилгесин кабыл алган. Ал эми биз, өнөктөштөр менен бирге тынчтык орнотуу аракетин көрүп жатабыз. Бирок Орусия согушун күчөтүлгөн ыргакта улантып, жайкын тургундарды эсепке албай жатат. Орусиянын бул соккулары токтотулушу керек", — деп жазды Макрон X тармагында.
5-апрелде Зеленский Кривой Рог шаарындагы карапайым тургундар жашаган кварталга жасалган аба чабуулга АКШ “алсыз жооп” кайтарганын айтып, катуу сынга алган эле. Ал чабуул балдар аянтчасына жасалып, 20дан ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Алардын дээрлик жарымы балдар эле.
Бул шаар Зеленскийдин кичи мекени.
Элчи Бринг мунун алдында социалдык тармактагы билдирүүсүндө,
"үрөй учурган" чабуул болгонун жана "бул согуш токтотулушу керек" экенин жазган.
Зеленский бул билдирүүдө Орусиянын аты аталбай калганын белгиледи.
"Тилекке каршы, АКШнын элчилигинин жообу көңүл калтырды — ушунчалык күчтүү өлкө, ушунчалык күчтүү эл, бирок ушунчалык алсыз реакция», — деп жазды Зеленский.
Жалпысынан, расмий маалыматтарга ылайык, 7-апрелге караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына дээрлик жыйырмага жакын ракета жана 100дөн ашык дрон менен сокку урду. Алардын жарымы же андан азыраагы атып түшүрүлгөнүн украин бийлиги билдирди.
Өз кезегинде украин күчтөрү да Орусиянын аймагына 11 дрон менен сокку урганын Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады.
Шерине