Украина Орусиянын соңку чабуулдарынан эки аймагында жайкын тургундар жараат алып, үйлөр, мекемелер зыян тартканын 1-апрелде билдирди. 31-мартта Орусия менен чектеш тилкедеги Сумы облусунда жалпысынан 115 жолу аткылоо, 228 жерде жарылуу болгонун облустук администрация кабарлады.
Запорожье облусунда дүйшөмбү күнкү аткылоодон жараат алган жайкын тургундардын бири ооруканада экенин, ал жергиликтүү аял катуу стресс алганын облустук аскердик администрация башчысы Иван Федоров билдирди. Ага чейин бир киши каза болгону, беш киши жараат алганы маалымдалган.
Ал тапта АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып орус президенти Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуу келишимине макул болоруна үмүттөнүп жатканын айтты.
"Ал аягына чыгарат деп ишенгим келет. Мага айтканын аткарат жана келишимдин өзүнө тийиштүү бөлүгүн аткарат деп ойлойм", - деген Трамп орус мунайына кошумча пошлина киргизүүнү каалабай турганын, бирок, эгер Украина боюнча прогресс болбосо андай кадамга барууга аргасыз жоктугун билдирди.
АКШ президенти Украинанын кен байлыктары боюнча Киев менен талкууланган келишим тууралуу да суроого жооп берип, ал боюнча түздөн-түз сүйлөшүү боло электигин, бирок алар "мындай келишимге НАТОго кирсек гана макул болобуз" деп айтып жатканын журналисттерден укканын, андай сөз буга чейин болбогонун айтты жана "согуш, балким, дал ошонун айынан чыккан" деген оюн кошумчалады.
Киев Кошмо Штаттар президентинин бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек. 31-мартка караган түнү украин президенти Владимир Зеленский кезектеги видео кайрылуусунда "Орусиянын чабуулдарынын географиясы да, ырайымсыздыгы да кеңейип баратканын" белгилеп, "АКШнын атышууну токтотуу боюнча сунушун алганыбызга бир нече апта болду. Ал эми иш жүзүндө бул сунушка жооп катары орусиялык дрон, бомба, артиллерия соккуларын көрүп жатабыз", - деди.
Украина атышууну 30 күнгө токтотууга макул болгону менен Орусия бул планга өз шартын койгон. Коюлган шарттар арасында Украинага аскердик жардам жана чалгын маалымат берүүнү токтотуу бар экени кабарланган.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери анын аймактарын учкучсуз учактардан, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан жана ракета, башкарылуучу авиациялык бомба менен аткылоону токтотпой келе жатат. Москва Украинанын шаар-кыштактарынын жарандык инфраструктурасын атайылап талкалап, элин өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду мойнуна албай келет.
Украин бийлиги, өнөктөштөрү жана эл аралык уюмдар Орусиянын соккуларын согуш кылмышы, атайын жасалган каршы аракет деп баалап жатышат. (RK)
Шерине