Кыргызстанда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жоюлду. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Интернет айдыңына мониторинг жүргүзүп, коомго зыян, ар кандай кастыкты козутат жана жалган деген маалыматтарды анализдеп, аныктайт деп айтылган Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору 2024-жылы август айында түзүлүп, ага Бактыгүл Иманбек кызы жетекчи болуп дайындалган. Борбор кайра эмне себептен жоюлганы айтылган жок.
Министрлик бул борбор Интернет мейкиндигин жөнгө салууда ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгып, жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого багытталган иш-чараларды маалыматтык жана уюштуруучулук жактан камсыз кыларын билдирген.
Айрым талдоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү бул “сөз эркиндигин чектеп, цензурага алып келет” деп сын айтышкан. (BTo)
Шерине