Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:43

Израил менен ХАМАС барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө


Газа тилкеси.
Газа тилкеси.

Израил палестиналык ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) радикал тобу кармап турган барымтадагылардын жарымын бошотсо Газада ок атууну токтото турарын билдирди.

Бул тууралуу Reuters басылмасы атын атагысы келбеген Израилдин расмий өкүлдөрүнө шилтеме кылып жазды. Ошол эле маалда Израил армиясы Газанын калкын эвакуациялоо боюнча жаңы буйруктарды чыгарып, тилкенин түштүгүндө “интенсивдүү операцияларды” жарыялады.

Reuters агенттиги жазган макалада Израил ок атышууну 40-50 күнгө токтотууну сунуш кылганын, бул аралыкта ХАМАС барымтадагы 24 адамдын теңин жана каза болгон 35 туткундун теңинин сөөгүн өткөрүп берүүгө тийиш.

Жекшембиде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАСка басымды күчөтөрүн, ошол эле кезде барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантарын айткан.

Анын айтымында, ХАМАСтын лидерлерине АКШ президенти Дональд Трамптын "ыктыярдуу эмиграция” сунушун камтыган кеңири макулдашуунун алкагында Газадан чыгып кетүүгө уруксат берилет. Нетаньяху Израилдин Хамасты куралсыздандыруу талабын дагы бир жолу кайталады. Бирок уюм бул талапты четке кагып, аны аттап өтпөй турган “кызыл чек” деп атады.

ХАМАС өткөн аптада Катар менен Египеттин ортомчуларынын согуштук аракеттерди токтотуунун ордуна жума сайын барымтадан беш адамды бошотууну караган келишим боюнча сунуштарын кабыл алганын билдирген.

Дүйшөмбү күнү Израилдин армиясы түштүктөгү Рафах шаарынын айланасында жашаган палестиндерди жээктеги ал-Маваси районуна көчүүгө чакырган.

18-марттан баштап Израил Газада чабуулун жанданткан.

Эки тарап ортосунда АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугу менен жыл башында ок атууну токтотуу боюнча келишим түзүлүп, 19-январда күчүнө кирген. Үч баскычтан турган ал макулдашуу узак мөөнөттүү согуштук аракеттерди токтотууга, Израил аскерлеринин Газадан толугу менен чыгышына жана ХАМАСтын барымтасындагы бардык туткундарды бошотууга багытталган эле.

Биринчи баскычында ХАМАС 25 туткунду тирүү жана сегиз адамдын сөөгүн кайтарган. Анын ордуна Израил дээрлик 1800 палестиналыкты түрмөдөн бошоткон. Израилдик аскерлер Газадагы нейтралдуу аймактарга чейин артка чегинип, жүз миңдеп жер которгон палестиндер Газанын түндүгүнө кайтып келишкен.

Эки тарап келишимди узартуу боюнча орток пикир таба албай жатат.

Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча Израилдин Газадагы аскердик операциясынан 50 миңден ашык адам набыт болду.

Израил билдиргендей, 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын кол салуусунан 1200дөй адамдын өмүрү кыйылып, согушкерлер 250дөй кишини барымтага алган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG