Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:23

Кыргызстан Польшада жана Канадада өз өкүлчүлүгүн ачууну караштырууда


Польшанын желеги.
Польшанын желеги.

Тышкы иштер министрлиги Польшада жана Канадада Кыргызстандын элчилигин же консулдук ачууну караштырып жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Тышкы иштер министрлигинин планында Канада менен Польшада биздин элчиликти же консулдукту ачуу ниет, максатыбыз бар. Кудай буюрса, 2026-жылдын башында ушул маселени ишке ашырууга аракет кылабыз", - деди Имангазиев.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Улан Примов Польшадагы кыргыз жарандарынын саны 30 миңден ашканын, алар ар түрдүү тармакта иштеп жатканын айтты. Анын белгилешинче, консулдук же элчилик ачууну бул өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү суранган.

Ушул эле жыйында депутат Ырысбек Атажанов Канадада кыргызстандыктардын саны 70-80 миңге жетип калганын айтып, Кыргызстандын башкы консулдугун ачууну сунуштады.

Бишкекте Канаданын виза борбору бар. Учурда канча кыргыз жараны бул өлкөдө окуп же иштеп жүргөнү белгисиз.

Расмий маалыматтарда Польшада кыргызстандыктардын саны 8 миңден ашык экени, көбү студенттер экени көрсөтүлгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кол койгон келишимге ылайык, акыркы жылдары кыргызстандыктар Польшага жумушчу күч катары кетүүдө.

Кыргыз жарандары Польшага виза алуу үчүн бул өлкөнүн Алматы шаарындагы башкы консулдугуна кайрылат. (ST)


Шерине

XS
SM
MD
LG