Өзбекстандын өкмөтү 2021-жылдын декабрынан бери психиатриялык ооруканада "күчтөп дарыланып" жаткан блогер жана активист Валижон Калоновду тез арада бошотуп, кенемте төлөп бериши керек. 31-мартта "Өзбекстан форуму" жана Human Rights Watch укук коргоо уюмдары ушундай кайрылуу жолдоду.
Быйыл 28-февралда БУУнун негизсиз камоолор боюнча жумушчу тобу (WGAD) Калоновдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча корутундусун чыгарган. Жумушчу топ активист "күч менен кармалганы" аныкталганын билдирип, аны " тез арада бошотуп, кенемте төлөп берүүгө" чакырган.
"Валижон Калоновдун күч менен психиатриялык ооруканага жаткырылышы андан өкмөттүн саясатын сындаганы үчүн өч алуу болгон", - дейт "Өзбекстан форуму" уюмунун директору Умида Ниязова.
Укук коргоочулар чыгарган тыянакта өзбек өкмөтү Калоновду камакка влуу менен Адам укуктарынын жалпы декларациясын жана Жарандык, саясий укуктар боюнча эл аралык пактыны бузганы айтылат. Жумушчу топ Өзбекстандын бийлигин “Калоновдун эркинен ажыратылышынын жагдайларын толук жана көз карандысыз иликтөөнү камсыз кылууга” жана анын укуктарын бузгандарга тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.
Өзбекстанда президентти сындаганы үчүн кеминде үч адам түрмөдө жазасын өтөп жатат. Алардын бири - Валижон Калонов.
2021-жылы камалганга чейин президенттин кичи мекени деп саналган Жизак облусунда жашаган Валижан Калонов Мирзиёевди жана анын саясатын YouTube каналы аркылуу ачуу сындап келген. 54 жаштагы Калонов Мирзиёевдин өкмөтүн Бээжин Шинжаңда уйгурларды жана башка мусулмандарды куугунтуктап жатканына карабай Кытай менен жакшы алакада болгону үчүн сындаган.
2021-жылдын мартындагы видеолордун биринде Калонов өзбекстандыктарды Мирзиёевдин кызматтан кетиши үчүн добуш берүүгө үндөгөн.
Кийин террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча облустук башкармалыктын кызматкерлери тарабынан кармалган. Жизак шаардык соту аны "президенттин беделине доо кетирип, коомго коркунуч туудурган башка кылмыштарга барган" деген негизде эркинен ажыраткан. Калоновго козголгон иштин жана ага чыккан өкүмдүн чоо-жайы жарыяланган эмес. Ал көп өтпөй психиатриялык ооруканага которулган. Советтер Союзунун доорунан калган мындай ыкма Борбор Азиянын айрым мамлекеттеринде бийликти сындагандарды жазалоо үчүн ушул күнгө чейин колдонулуп келет.
Өзбекстанда президенттин беделине шек келтирүү кылмыш катары саналат жана ал үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Шерине