Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:45

"Азаттык" радиосу каржы маселелери боюнча сот иштерин улантууда


Прагадагы "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун баш кеңсеси.
Прагадагы "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун баш кеңсеси.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Кошмо Штаттардын Конгресси бөлгөн каражатты алуу үчүн АКШнын Глобалдык медиа агенттигине (USAGM) каршы соттук ишин улантууда. Бул тууралуу 28-мартта радионун жетекчилиги тараткан билдирүүдө белгиленет.

USAGM “Эркин Европа/Азаттык” радиосун жана башка Американын бир катар эл аралык медиасын көзөмөлдөйт.

15-мартта USAGM “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берилген грантты токтотконун жарыялаган. Бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругунан бир нече саат өтпөй кабыл алынган. Буйрукта жети өкмөттүк агенттикти, анын ичинде USAGMди да мүмкүн болушунча кыскартуу талап кылынган.

26-мартта USAGM “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна жолдогон катында 15-марттагы билдирүүсүн жокко чыгарганын, бирок грантты токтотуу укугу сакталып калганын белгилеген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу өзүнүн доо арызында USAGM агенттигинин андай укугу жок экенин, анткени грант Конгресстин чечими менен берилерин жүйө келтирген.

27-мартта “Эркин Европа/Азаттык” радиосу жарыялаган билдирүүдө USAGM каржылоону калыбына келтирерин расмий түрдө бышыкташын күтүп жатканын маалымдады.

28-мартта жарыяланган жаңы билдирүүдө бул маселе али чечиле электиги баса белгиленет.

"Биз Америка Конгресси бөлгөн каражатты алууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ага чейин Конгресстин чечимин аткаруу үчүн бардык мыйзамдык чараларды колдонобуз," – деп жазылат.

Ошондой эле билдирүүдө “Эркин Европа/Азаттык” радиосу өз аудиториясына жана Конгресс тарабынан аныкталган миссиясына берилгендиги өзгөрүүсүз бойдон каларын" белгиленет.

25-мартта АКШ соту USAGM агенттигинин грантты токтотуу чечимин "негизсиз жана туура эмес" деп тапкан.

Вашингтондогу округдук сот Ройс Ламберт 10 барактан турган чечиминде “Эркин Европа/Азаттык” радиосун жабуу тууралуу аракеттерди токтотуу үчүн убактылуу бөгөт коюучу буйрук зарыл экенин, бул чечим коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн кабыл алынганын, радионун алдыдагы негизги соттук отурумдарда жеңип чыкчудай мүмкүнчүлүгү бар экенин жазган.

“АКШнын Глобалдык медиа агенттигинин жетекчилиги бир сүйлөмдүк себепти жүйө келтирүү менен, дээрлик эч кандай түшүндүрмө бербестен “Эркин Европа/Азаттык” радиосун жабылууга мажбурлай албайт. Президент аларга ушундай кыл деп айткан күндө дагы”, - деп жазган судья Ламберт.

Грантты токтотуу тууралуу катка бир нече апта мурда агенттикке улук кеңешчи болуп дайындалган Кэри Лейк агенттиктин жетекчисинин милдетин аткаруучунун атынан кол койгон.

26-мартта “Эркин Европа/Азаттык” жолдогон катынан кийин Лэйк USAGMге караштуу медиаларды сындады.

"Америка элинин эмгек менен тапкан салыктары ушундай пропагандага жумшалсынбы? Мен муну менен азыр күрөшүп жатам жана бул чоң салгылаш болот," – деди Newsmax телеканалына.

One America News телеканалына курган маегинде Лэйк USAGM агенттигине медиаларынын мазмунун карап чыгууга убактысы жетпегенин мойнуна алды.

"Алардын мазмунун көрүүгө колум тийген жок" – деди ал.

Шерине

XS
SM
MD
LG