Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:57

Израил Ливандан атылган ракеталарга жооп катары Бейрутту бутага алды


Израилдин соккусунан кийин Бейруттун түштүк тарабында асманга көтөрүлгөн түтүн. 28-март, 2025-жыл.
Израилдин соккусунан кийин Бейруттун түштүк тарабында асманга көтөрүлгөн түтүн. 28-март, 2025-жыл.

28-мартта израил армиясы Ливандын аймагынан атылган ракеталарга жооп катары Бейрутка абадан сокку урду.

Мындай чабуулдар былтыр ноябрда Израил менен Иранга ыктаган шиилердин "Хезболла" тобунун ортосунда ок атышууну токтотуу макулдашуусу күчүнө киргенден бери экинчи ирет болуп жатат.

"Хезболла" эки жолу тең ага өзүнүн тиешеси жок экенин билдирди. Аталган топ Израил жана АКШ тарабынан террордук уюм катары таанылган. Евробиримдик анын аскердик канатын гана террордук деп эсептейт.

Израил аскерлери Ливандын баш калаасынын түштүк тарабында жайгашкан Дахие районуна сокку урду. Ага чейин ЦАХАЛ жергиликтүү тургундарды коопсуз жактарга чыгып кетүүнү суранган эскертүү тарткаткан. Бул эскертүүдөн кийин калаада эл дүрбөлөңгө түшүп, ата-энелер балдарын мектептен алып кетүүгө шашып, ал эми шаардан чыгып кетүүнү көздөгөндөрүн саны өтө көп болгондуктан кан жолдордо тыгындар пайда болду.

Бул тууралуу "Франс-пресс" агенттигинин кабарчылары маалымдады.

Израил "Хезболланын "Аэро-127" бөлүмүнө таандык дрондор сакталган объектти" бутага алганын билдирди. Маалыматка караганда бул жай "Хезболланын" Бейруттагы негизги чептеринин бири катары саналчу.

Өткөн жылы Израил менен "Хезболланын" ортосундагы согуш тутанганда Дахие району катуу бомбалоого туш болгон.

"Хезболланын" лидери Наим Кассем жума күнү Бейруттун түштүк бөлүгүндө сөз сүйлөшү керек болчу. Иш-чара белгилүү себептерден улам өтпөй калды.

Шерине

XS
SM
MD
LG