Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:06

Медведев орус паспортун "мыйзамсыз" алган мигранттарды жарандыктан ажыратууну сунуштады


Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев "мыйзамсыз жолдор" менен өлкөдө легалдашкан мигранттар, аларга документтерди берген аткаминерлер менен бирдей жоопкерчилик тартууга тийиш экенин айтты.

"Мындай чет өлкөлүктөргө берилген уруксат кагаздарын жана башка расмий документтерди жокко чыгаруу керек. Ошондой эле алардын өлкөдөн чыгаруу керек. Эгерде жарандык мыйзам бузуу менен алынган болсо аларды андан ажыратуу мүмкүнчүлүгү да каралышы керек", -деди Медведев.

Ал Орусиянын укук коргоо органдары мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү күчөткөнүн кошумчалады. Маселен, өткөн жылы прокуратура мигранттар легалдашып жаткан учурда 30 миңге жакын мыйзам бузуу фактылары болгонун аныктаган.

Медведев бийлик чет өлкөлүктөрдү каттоодон өткөрүү, убактылуу жашоого жана иштөөгө уруксат берүү, ошондой эле тилден экзамен алуу сыяктуу бардык баскычтарда мыйзам бузууга жол бербеши керек экенин баса белгиледи.

Быйыл январдан тартып Орусияда чет элдик жарандарды тескеген жаңы эрежелер кирди. Ага ылайык, тийиштүү уруксат документи жок чет элдиктер бир жылдын ичинде Орусия аймагында 90 күндөн ашык тура албайт. Миграциялык каттоону жаңыртуу үчүн мурдагыдай өлкөдөн чыгып-кирүү практикасы да эми жараксыз. Мыйзам бузган мигранттарды сот чечимин күтпөй туруп депортациялоо укугу полиция кызматкерлерине берилди.

Жыл башынан бери эле мигранттарды текшерүү, тиешелүү документи жок же жасалма деп табылгандарын камоо күч алганы кабарланып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG