Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:13

Мьянмадагы зилзалада кеминде 144 кишинин өмүрү кыйылды


Мьянмадагы жер титирөөнүн толкуну Бангкокко чейин жетти. Курулуп жаткан имарат урап калды.
Мьянмадагы жер титирөөнүн толкуну Бангкокко чейин жетти. Курулуп жаткан имарат урап калды.

28-мартта Мьянмада магнитудасы 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөөдөн набыт болгондордун саны кеминде 144кө жетти. Жабыркагандардын саны 170тен ашты. Бул тууралуу Мьянмадагы аскердик өкмөттүн башчысы жума күнү кечки телекайрылуусунда айтты.

"Каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны өсүшү мүмкүн", - деди генерал Мин Аун Хлайн.

Жер титирөөнүн очогу Сикайн шаарынан түндүк-батыш тарапта экени кабарланды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Мьянмада олуттуу кыйроолор болгонун кабарлады. Тактап айтканда, Сикайн менен Ава шаарын байланыштырып турган Иравади дарыясынын үстүндөгү көпүрө кыйрады.

Андан тышкары, ондогон же жүздөгөн үй талкаланган болушу мүмкүн. Агенттиктер, ыктыярчылар жана социалдык тармактардын колдонуучулары урандылардын алдынан адамдарды чыгарып жаткан сүрөт жана видеолорду бөлүштү.

Таиланддын борбору Бангкокто да кыйроолор катталды. Эпицентрден 1400 чакырым алыс турган бул шаарда да зилзала катуу сезилген.

Таиланддын бийлиги өзгөчө кырдаал жарыялады. Өлкөнүн бардык аэропортторуна авиакаттамдар токтотулганын The Nation басылмасы жазды.

Социалдык тармактарда Бангкоктогу курулуп жаткан имараттын урап түшкөн видеосу тарады.

"Франс-Пресс" агенттигинин маалыматына ылайык, урандылардын алдында ондогон жумушчулар калышы мүмкүн.

Маалымат агенттиктери жер титирөө Бангладеште, Индияда, Лаосто жана Кытайда да сезилгенин жазышты.


Шерине

XS
SM
MD
LG