Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү ишинин алкагында Киргизия конушундагы 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгүн бузуу пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 27-мартта Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында айтты.
Мэр президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратынын жанындагы конуштун тургундарына кенемте төлөп берүү маселеси боюнча да маалымат берди. Ал Киргизия конушундагы ар бир тургунга 10 сотыхтан көп жер бөлүнгөнүн, мунун мыйзамдуулугу каралып жатканын кошумчалады. Азырынча буздурулган дубалга кенемте төлөө же баш тартуу тууралуу чечим чыга электигин, бардык документтер текшерилгенден кийин гана чечим кабыл алынарын айтты.
“Биз азыр кенемте маселесин караган жокпуз деп билдирдик. Анткени биз мыйзамдуулук маселесин карап жатабыз — алар жерди кантип алышкан, жалпы план кантип бекитилген. 1997-жылы эле аларга кенемте берилбей турганы кабарланганбы. Ушунун негизинде биз чечим кабыл алабыз”, - деди ал.
Киргизия конушунун тургундары мэриянын аракетин мыйзамсыз деп баалап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирип чыгышкан.
Мэрия Чыңгыз Айтматов проспектиндеги автоунаа жолун кеңейтип, алты тилкелүү трасса курууну, четине велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол жана тротуар курууну пландап жатат.
Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулуп, анын ордуна “Ынтымак ордо” деп аталган президенттин администрациясы 2024-жылы август айында ишке берилген. Азыр мамлекет башчы жана анын аппараты ушул имаратта иштейт. (BTo)
Шерине