Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:15

Бишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылды


Cөз эркиндигин коргогон марштын катышуучусу. 14-октябрь, 2022-жыл.
Cөз эркиндигин коргогон марштын катышуучусу. 14-октябрь, 2022-жыл.

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узартылды.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, 26-мартта ушул эле райондун администрациясынын 2025-жылдын 1-апрелинен 30-июнуна чейин нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизүү өтүнүчүн сот канааттандырган.

Биринчи май райондук соту 2022-жылы март айында эле Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган.

Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да тынч жыйын өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатат.

Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы акы алына турчу айланма жолдун ачылышында сүйлөп жатып Кыргызстанда туруктуулук орноп, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адамдардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп жатканын кайталап келишет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG