Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

AFP: Эр-Риядда АКШ жана Украина делегациялары ортосунда жаңы сүйлөшүүлөр башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын жана АКШнын расмий өкүлдөрү 25-мартта Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияд шаарында кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат. Бул тууралуу украин делегациясындагы өз булагына таянып "Франс-пресс" (AFP) агенттиги жазды.

"Биз дагы эле америкалыктар менен иштеп жатабыз," – деп билдирген украин делегациясынын мүчөсү.

Украинанын президенти Владимир Зеленский түнкү кайрылуусунда Украина менен АКШнын өкүлдөрү кайрадан жолуга турганын айтып, бирок убактысын тактаган эмес.

Эске сала кетсек, эки тараптын делегациялары 23-мартта Сауд Арабиясында жолуккан. Андан соң, 24-мартта Эр-Рияд шаарында Вашингтон менен Москванын делегацияларынын 12 саатка созулган сүйлөшүүсү өткөн. Анда кандай чечимдер кабыл алынганы азырынча белгисиз. Украинадагы согушту жайгарууга багытталган сүйлөшүүлөр "чыңалган" атмосферада өткөнү менен эки тарап үчүн тең пайдалуу болгонун орус делегациясынын мүчөсү Григорий Карасин билдирди.

"Биз бардык маселелерди талкууладык, бул чыңалган диалог болду, оңой болгон жок, бирок биз үчүн да, америкалыктар үчүн да абдан пайдалуу болду," – деди ал 25-мартта мамлекеттик ТАСС агенттигине.


Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Карасиндин айтымында, АКШ менен Орусиянын сүйлөшүүлөрү улантылат жана аларга Бириккен Улуттар Уюму менен башка өлкөлөр да катышат, бирок ал мунун чоо-жайын тактаган жок.

ТАСС агенттиги орус делегациясынын өкүлүнө шилтеме берип, Кремль менен Ак үй 25-мартта биргелешкен билдирүү жасай турганын маалымдады.

Reuters агенттиги дагы өз булагына таянып, биргелешкен билдирүүнүн долбоору Москва менен Вашингтонго бекитүүгө жөнөтүлгөнүн жана тараптар аны 25-мартта жарыялоону көздөп жатканын жазды.

Шерине

XS
SM
MD
LG