АКШнын Глобалдык медиа агенттиги (USAGM) Конгресс бөлгөн каражаттын бир бөлүгүн "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна бөлүп берүүгө макул болду. Бул чечим радионун АКШнын өкмөттүк агенттигине каршы арызы сотто каралар алдында жарыяланды. "Эркин Европа / Азаттык" радиосу агенттиктин федералдык каржылоону токтотуу аракетине каршы сотко кайрылган.
Агенттик 24-мартта кабыл алган бул чечимдин негизинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосу 7,46 миллион доллар алат. Бул сумма радионун 1-марттан 14-мартка чейинки (USAGM каржылоону токтотконун жарыялаган күндүн алдындагы мөөнөт) чыгымдарды жабууга багытталган.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосу агенттиктен 2025-финансылык жылына (30-сентябрга чейин) каралган толук гранттын берилишин талап кылып, соттон агенттиктин чечимине убактылуу тыюу салууну өтүнгөн. Бул маселе боюнча судья Ройс Ламберт жакынкы жумаларда чечим кабыл алат деп күтүлүүдө.
Радиого бөлүнгөн акчаны токтотуп коюу чечими АКШ президенти Дональд Трамптын USAGM агенттигин "мыйзамга ылайык мүмкүн болушунча кыскартууну" талап кылган буйрукка кол койгондон бир нече күн өтпөй кабыл алынды.
"Эркин Европа/Азаттыкка" бөлүнгөн грантты токтотуу тууралуу катка USAGM агенттигинин аткаруучу директорунун кеңешчиси катары көрсөтүлгөн Кери Лейк кол койгон.
Катта "бул грант агенттиктин артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашырбай калган" деп көрсөтүлгөн, бирок кошумча түшүндүрмө берилген эмес.
Трамп Кери Лейкти "Америка добушу" радиосунун жетекчилигине талапкер катары сунушталган, бирок аны эми АКШнын Эл аралык телерадиоберүүлөр боюнча Консультативдик кеңеши (IBAB) бекитиши керек.
Бул кеңештин мүчөлөрүн АКШ администрациясы январь айында эле таркатып жиберген жана азырынча алардын ордуна жаңы мүчөлөр дайындала элек.
USAGM жана "Америка добушу" радиосу федералдык мекемелер, ал эми "Эркин Европа/Азаттык" радиосу АКШнын Делавэр штатында катталган жеке коммерциялык эмес корпорация болуп саналат.
Шерине