Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Кыргызстанда айрым мамлекеттик мекемелерди жоюу пландалууда


Министрлер кабинетинин жыйыны. 21-февраль, Бишкек. "Ынтымак ордо"
Министрлер кабинетинин жыйыны. 21-февраль, Бишкек. "Ынтымак ордо"

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны азайтуу ишинин алкагында айрым мамлекеттик мекемелерди жоюу пландалууда. Бирок сөз кайсы мамлекеттик органдар тууралуу болуп жатканы так айтылган жок.

Бул тууралуу юстиция министри, Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун директору Аяз Баетов 25-мартта “Ынтымак ордодо” өткөн брифингде айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


26-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген атайын комиссиянын отурумунда 45ке жакын чечим, анын ичинде 30га жакын жаңы мыйзам долбоору сунушталат деп күтүлүүдө.

10-мартта кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялаган. Бул иштерди Аяз Баетов көзөмөлдөйт.

2021-жылы Кыргызстанда бюджеттик каражатты үнөмдөө жана артыкбаш мекемелерди азайтуу максатында өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилип, мамлекеттик агенттик, комитеттер менен фонддор министрликтерге кошулган.

Жакында эле Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги болуп түзүлгөн.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги болуп өзгөртүлдү. Ал түз эле өкмөткө караштуу болуп калды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG