Кыргызстанда 2025-жылдын башынан бери 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болду. Дагы 2000ден көп киши ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Байгазы Айтикул уулу “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын сөзүнө караганда, жол кырсыктарынын 91% айдоочулардын күнөөсүнөн улам болууда.
Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган. Өткөн жылдагы кырсыктар жана жапа чеккендер тууралуу толук маалымат бериле элек.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жол эрежесин бузган айдоочулар токтотулган жерден жол эрежелери боюнча суроолорго жооп берүүгө милдеттүү болот. Сынактан өтпөй калгандардын айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат. Бул демилге коомдо кайчы пикирлерди жаратууда. (BTo)
Шерине