Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:25

Салык кызматынын мурдагы төрагасы менен орун басары камакта калды


Алтынбек Абдувапов жана Исламбек Кыдыргычов. Коллаж.
Алтынбек Абдувапов жана Исламбек Кыдыргычов. Коллаж.

Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун камактагы мөөнөтү 20-майга чейин узартылды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-мартта чыгарганын “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Алардын камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Атайын кызмат Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычов кармалганын 2024-жылдын 6-декабрында кабарлаган. УКМК алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдалануу менен байланышкан мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экенин билдирген.

УКМК башкы салыкчылар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна көп суммада салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешесин “көмүскөдө” калтырууга мүмкүнчүлүк бергенин маалымдаган.

Алардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычов кармалгандан бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жатат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG