Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:53

Сентябрдан тарта жол эрежесин билбегендердин айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат


Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жол тескөөчү адиси. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жол эрежесин бузган айдоочулар токтотулган жерден жол эрежелери боюнча суроолорго жооп берүүгө милдеттүү болот. Жол эрежелерин билбесе, айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мамлекеттик мекемесине убактылуу жөнөтүлөт (айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбайт). Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 24-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, айдоочу каалаган убактысында “Унаага” барып, жол эрежелери боюнча кайрадан сынактан өтсө, айдоочулук күбөлүгү кайтарылат. Сынактан өтпөсө, кийинкиге калтырылат. Качан гана айдоочу жол эрежелерин жаттап, сынактан өткөндөн кийин күбөлүгү берилет.


“Баштапкы боюнча, айдоочу биринчи жолу кайра тапшырууга жөнөтүлгөндө сынак үчүн 500 сом төлөйт, өтпөй калып, кайра келсе 1000 сом, үчүнчү жолу тапшырууга келсе 2000 сом төлөйт. Үчүнчү жолу дагы кулап калса, анда төртүнчү жолу сынак тапшыруу айдоочунун капчыгына 4000 сомго турат. Бул механизм айдоочулардын сынакка жакшылап даярдануусуна түрткү болсун деген максат менен иштелип чыкмакчы”, - деди Аскат Алагөзов.

Ал 1990-жылдары Кыргызстанда адамдардын көбү айдоочулук күбөлүктү окубай эле алган учурлар көп экенин, 2020-жылга чейин күбөлүк 15-20 миңден сатылып келгенин, ушундан улам жол кырсыктары көп болуп жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу буга чейин бир топ кызматкер кармалып, жоопко тартылган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, 2024-жылы 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакыны жаракат алган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG