Кытай дипломаттары Евробиримдикке Украинанын аймагында болуучу тынчтык контингентине кошулууну сунуштады. Немис басылмасы Welt am Sonntag ишенимдүү булактарына таянып, КЭРдин демилгеси сүйлөшүүдө Орусияга басымды күчөтүшү мүмкүн деп билдирди.
"Кытай дипломаттары Брюсселде Европанын көз карашынан алганда мындай кадам ойлонулган, балким керектүү болорун байкаштырып көрүштү", - деп айтылат макалада.
Гезитке европалык дипломатия чөйрөсүндөгүлөр согуш аяктагандан кийин өз аскерлерин ыктыярдуу жиберген коалицияга Кытайдын кошулушу Орусияны Украинада тынчтык орнотуучу күчтөрдүн болушуна макул кылышы мүмкүн экенин айтышкан.
"Каалоочулардын коалициясын" түзүү мартта Европа өлкөлөрүнүн Лондондогу саммитинен кийин белгилүү болгон. Анда Британиянын премьер-министри Кир Стармер бул миссияны өз өлкөсү жана Франция аркалай турганын билдирген. Коалициянын саммити 27-мартка белгиленген.
Кремл буга чейин Украинанын аймагында НАТОнун аскерлери болушу кабыл алынгыс экенин бир канча жолу айткан.
Февралда Economist журналы булактарга таянып, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы тынчтык орнотуучу контингентке ишенимди арттыруу үчүн Орусия менен мамилеси жакшы Кытай жана Бразилия сыяктуу өлкөлөрдү чакырууну сунуштаганын билдирген.
Шерине